Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 25 июну № 285
Кынтыксыз жана ак ниет кызматы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин күнүн жана Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүн майрамдоонун урматына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык органдарынын төмөнкү кызматкерлери сыйлансын:
Даниярова Дилбара Асанбековна - финансылык-чарбалык бөлүмдүн башчысы;
Жайлообаев Бакыт Канаевич - Талас облусунун Юстиция башкармалыгынын начальниги;
Калбеков Акжол Сабырович - Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык органдарынын төмөнкү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Набитаева Айсулуу Куватбековнага - Борбордук күрөө каттоо конторунун, Соттук экспертизалар мамлекеттик борбору менен иштөө жана юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси;
Өмүров Эсен Өмүровичке - Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Мадымаров Замирбек Адиевичке – Ош шаарынын Мамлекеттик нотариалдык конторунун мамлекеттик нотариусу.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |