Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 30-июну № 292
Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана анын аймактык органдарынын төмөнкү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Назарбекова Махабат Асанбековнага - Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын издөө-куткаруу отрядынын 4-издео-куткаруу тобунун куткаруучу-фельдшери;
Мусаев Абдиашим Маматовичке - Баткен облусу боюнча башкармалыктын ыкчам бөлүмүнүн башкы адиси;
Абдулаев Токтогул Курманкуловичке - Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыктын Түп райондук бөлүмүнүн башкы адиси;
Асылбеков Алмазбек Жумабековичке - административдик-чарбалык бөлүмдүн кампа начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана анын ведомстволук жана аймактык органдарынын төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын.
Алимбеков Давлетбек Каарыевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Сатаркулова Динара Сапарбековна - Республикалык өзүнчө-куткаруу отрядынын мобилдик-куткаруу отрядынын куткаруучу-фельдшери;
Баялиев Темирбек Жолдошбекович - Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик башкармалыгынын Талас райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Талас бөлүмүнүн № 101 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн начальниги;
Раманкулов Абдыкерим Алакович - ички аудит бөлүмүнүн башкы адиси;
Апиев Касымалы - Ош облусу боюнча башкармалыктын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |