Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-июну № 236-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы №439-б буйругуна ылайык)
2014-жылдын 7-майында сел жүрүүнүн натыйжасында жабыр тарткан Чүй облусунун Кемин районунун калкына жар дам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги 2014-жылга Айыл-чарба жана мелиорация министрлигине, Суу чарба жана мелиорация департаментине республикалык бюджеттен каралган акча каражаттарынын эсебинен "Калмак-Суу" каналынын бузулган сугаруучу ноочолорун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген тизмеге ылайык, IV жана III оорчулук даражасында бузулган турак үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн жарандарга бир жолку жана ипотекалык субсидия берүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн жана жабыр тарткан адамдарга берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык тастыктамаларды чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге ар кандай оорчулук даражада бузулган турак үйлөрдү кошумча текшерүүнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 1-сорттогу 25 тонна унду брондон чыгарып берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы №439-б буйругуна ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- болүнгөн унду Чүй облусунун Кемин районунун жабыр тарткан калкына жеткирүүнү жана акысыз негизде даректүү тапшырууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге жабыр тарткан тургундардын бузулган турак үйлөрүнө менчик укугун мамлекеттик каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү тез арада алуусу, бул турак үйлөргө техникалык паспортторду берүү, сел жүрүүнүн натыйжасынан жабыр тарткан турак үйлөр жайгашкан жер участокторуна укукту белгилөөчү документтерди берүү боюнча иштерди уюштурсун.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүне жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |