Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-июну № 239-б
Астана шаарында 2006-жылдын 12-январында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдангуу менен бекитилген Евразия өнүктүрүү банкынын уставынын 14-беренесине ылайык:
1. Евразия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - Банк) чыгарууга уруксат берилген капиталын талап кылуу боюнча төлөөгө жаткан ар бири 1000 (бир миң) АКШ доллары номиналдык наркы менен 5 484 300,0 (беш миллион төрт жүз сексен торт мин үч жүз) даана сандагы Банктын кошумча акцияларып эмиссиялоо жолу менен 7 000 000 000,0 (жети миллиард) АКШ долларына чейин көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри - Банктын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын экономика министри - Банктын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарына ушул буйруктун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |