Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-майы № 189-б
Кыргыз Республикасынын муниципалдык мекемелеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге белгиленген тартипте Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын Панфиловка айылынын "К.Тилебалиев атындагы жетим-балдар мектеп-интернаты" муниципалдык мекемесинин менчигине 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7497120, кузовунун № ХТА21074041844904 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомашинасын өткөрүп берсин.
2. "К.Тилебалиев атындагы жетим-балдар мектеп-интернаты" муниципалдык мекемесине төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте балансына өткөрүп алуу;
- автотранспорт каражатын кармоону бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде ишке ашыруу.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |