Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-январы № 14-б
"Манас Банк" жабык акционердик коомунун акционери 2011-жылдын 29-декабрында Нидерланддагы Гаага шаарында жайгашкан туруктуу арбитраждык Палатага Кыргыз Республикасына карата доо арызын берүүсүнө байланыштуу, бул талапты жөнгө салуу боюнча чара көрүүнүн зарылдыгын эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-августундагы № 343-б буйругуна жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын 38-беренесине ылайык "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасынын өкүлдөрүнө жогоруда аталган териштирүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча соттон тышкаркы сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыэыкчылыктарын көздөөгө ыйгарым укук берилгендигине байланыштуу:
1. "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасы Кыргыз Республикасына карата коюлган "Манас Банк" жабык акционердик коомунун акционеринин доо арызына байланыштуу жана андан келип чыккан арбитраждык жана соттук териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен тышкарыда да Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөөчү расмий өкүлү болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бир жумалык мөөнөттө сүйлөшүүлөр жүргүзсүн жана Нидерланддагы Гаага шаарында жайгашкан туруктуу арбитраждык Палатада Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөө боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасы менен макулдашуу түзсүн;
- "2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Нидерланддагы Гаага шаарында жайгашкан туруктуу арбитраждык Палатада "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасынын Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө финансылык каражаттарды эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасына ар тараптуу көмөк көрсөтүү сунуштасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |