Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-июну ПБ № 94
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы №335 «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык:
- Сеитбеков Сайфудин Сеитбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын курамынан чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунун начальниги Токтобеков Таалайбек Токтобекович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |