Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 7-апрели № 208

Кризистик кырдаалдарды эрте алдын алуу, башкаруу жана чыр-чатактан кийин натыйжалуу реабилитациялоо чөйрөсүндө иликтөө жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча Францияга Кыргыз Республикасынын делегациясынын 2011-жылдын 11-15-апрелиндеги жумушчу сапарына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Атаханов Шамиль Есенжанович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;

Бедаш Виктор Владиславович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору.

2. 2011-жылдын 11-15-апрелинде Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү Францияга командировкага жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2011-жылдын 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине жасалган иштер жөнүндө отчет берсин.

4. Командировка менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасындагы ОБСЕ борборунун эсебинен төлөнсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев