Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУГ
2014-жылдын 1-августу РП № 126
Кыргыз Респуюликасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бѳлγгγнѳ ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγнγн Башкы штабы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кытай Эл Республикасынын аймагында 2014-жылдын 24-29-августунда ѳткѳрγлγγчγ Шанхай кызматташтык уюмуна мγчѳ-мамлекеттердин «Тынчтык миссиясы- 2014» террорго каршы биргелешкен аскердик окуусуна жана аскердик оркестрлеринин биринчи фестивалына (мындан ары- биргелишкен окуу) катышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγнγн аскердик контингентин даярдоону уюштуруу жана анын биргелешкен окууга катышуусун камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγнγн Башкы штабына жγктѳлсγн.
3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγнγн аскердик контингентинин биргелешкен окууга катышуусунун уюштуруучулук жана финансылык маселерин чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |