Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-июлу № 252-б
2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөрү менен каражаттарьшын статусу жөнүндө макулдашууга ылайык эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында:
1. 2014-жылдын 29-июлунан 1-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык Тынчтыкты орнотуу Күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2014" биргелешкен машыгуусу (мындан ары – биргелешкен машыгуу) өткөрүлсүн.
2. Биргелешкен машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- биргелешкен машыгууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын каражаттарын 2014-жылдын IV кварталынан 2014-жылдын II кварталына кайра бөлүштүрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын каражаттары боюнча 2014-жылдын IV кварталына 11 801 600 (он бир миллион сегиз жүз бир миң алты жүз) сом суммасында сметалык багыттагы акча каражатын караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын коргоо министрликтеринин аба кемелеринин учууларына жогоруда аталган Макулдашуунун шарттарында белгиленген тартипте уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин бөлүнүштөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын кыймылдуу мүлкүн "убактылуу алып кирүү" бажылык режиминде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан берилген тизмектердин негизинде бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн толук шарттуу бошотуу менен бажылык тариздөө жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- биргелешкен машыгууну өткөрүүгө тартылган, аба жолу аркылуу келген аскер кемелерине аэронавигация боюнча бекер кызматтарды көрсөтүүнү;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин күчтөрү жана каражаттары менен жердеги жол (темир жол унаасы) аркылуу эшелондорду ташып келүүдө аларга көмөктөшүүнү, ошондой эле өз убагында бекер кызматтарды көрсөтүүнү.
8. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бөлүнүштердүн өздүк курамыньга аты жазылган тизмелерин жана кыймылдуу мүлктүн тизмектерин белгиленген тартипте жиберсин.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте бөлүнүштөрдү биргелешкен машыгуу өтүлүүчү районго Кыргыз Республикасьшын аймагы аркылуу өткөндө жана кайра кайтканда аларды коштоону, ошондой эле жолдо жүрген учурда алар жайгашкан (эс алган) жерде аскер контингентинин коопсуздугун камсыздасын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү калкка түшүндүрүү ишин жүргүзсүн жана бөлүнүштөрдүн транзитине көмөк көрсөтсүн.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |