Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-июлу № 253-б
Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2014-жылдын 9-11-июлунда болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун (мындан ары - Координациялык топ) жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 7-июлундагы № 253-б
буйругуна тиркеме
Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2014-жылдын 9-11-июлунда болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн
Курамы
Сариев Темир Аргембаевич | - Кыргыз Республикасынын экономика министри, Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Чодуев Эркинбек Урайымович | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
|
Чакиев Максат Жолдошбекович | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
|
Исаков Женишбек Исакович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Юсупов Байыш Юсупович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
|
Бейшембиев Эрик Айдарканович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин директору;
|
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
|
Акматов Адылбек Тентимишович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол башкармалыгынын начальниги;
|
Утебаев Медер Шамшибекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
|
Качкынбай кызы Жылдыз | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын интеграциялык бирикмелер секторунун жетектөөчү адиси - Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы. |