Редакцияот 02.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 2-июлу № 246-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2013-жылдын 19-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин региондор аралык бөлүмү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын Өкүлчүлүгүнүн ортосундагы "БУУ ЖККИБнин мүлкүнө менчик укугун өткөрүп берүү жөнүндө" макулдашуунун негизинде 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1FZ0586335, кузовунун № JTECJ01JX02001500, түсү ак, "Тойота Лэнд-Крузер" маркасындагы автоунаа каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев