Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-апрели № 234
1. «Ысык-Көл» коомдук фондунун Кеңешинин жана башкармасынын кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы иштердин абалын иликтөө жана жер мыйзамдарын сактоо максатында төмөнкү курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Осмоналиев С.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасы;
|
Акунов Б.А. | - мамлекеттик жана коомдук ишмер, жумушчу комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Кенжебаев Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
|
Анарбаев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Мамбетов Т.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Сопоков Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын директорунун орун басары;
|
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
|
Айдаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматтык жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Айтбаев У.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору;
|
Асыранкулов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Ысык-Көл-Нарын аймактык башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
|
Асаналиев М.Д. | - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Урманаев С. | - «Ысык-Көл» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Бердибаев Р.Б. | - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун «Бек» дыйкан чарбасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Иманалиев С.Ж. | - «Жаңы муун» коомдук бирикмесинин координациялык кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Молдобаев А.К. | - «Жаңы муун» коомдук бирикмесинин координациялык кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Касымов С. | - юрист-консультант (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу комиссия эки айлык мөөнөттө Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында айлана-чөйрөнү коргоо жана жер мыйзамдарын сактоо жаатындагы иштердин абалын иликтесин жана жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Жумушчу комиссиянын төрагасына зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга жана аталган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |