Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-майы № 278
2011-жылдын 31-майы-2-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуучу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Атаханов Шамиль Есенжанович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Ильязов Нурбек Качкынович | - | Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы расмий өкүлү; |
Бедаш Виктор Владиславович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн инспектору; |
Арстанбеков Акылбек Советбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин жардамчысы. |
2. Командировкага байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эсебинен төлөнсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |