Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 276-б
Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 4-0289/13 токтому, Сузак райондук сотунун 2013-жылдын 25-ноябрындагы № СУ-333/13-Д8 токтому менен конфискацияланган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- сот органдарынын жогоруда аталган чечимдерине ылайык конфискацияланган объекттерди мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу үчүнчү абзацы
Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттын - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк региондук борборуна;
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу бешинчи абзацы
- "Дустлик" ачык акционердик коомунун Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмүнө ылайык конфискацияланган акцияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругунуна редакциясына ылайык)
2. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу
3. Бул буйрукту аткарууга байланыштуу чыгымдар конфискацияланган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алып жаткан мамлекеттик мекемелердин бюджеттеринде каралган каражаттардын чектеринде каржылансын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо төмөнкүлөргө тапшырылсын:
- 1-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө;
- 2-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө.
Премьер-министр |
|