Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 276-б
Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 4-0289/13 токтому, Сузак райондук сотунун 2013-жылдын 25-ноябрындагы № СУ-333/13-Д8 токтому менен конфискацияланган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- сот органдарынын жогоруда аталган чечимдерине ылайык конфискацияланган объекттерди мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
жогоруда аталган конфискацияланган объекттерди төмөнкүдөй өткөрүп берсин: Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттан башкаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына оперативдүү башкарууга;
Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттын түштүк бөлүгүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк региондук борборуна;
Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттын түндүк бөлүгүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине;
- "Дустлик" ачык акционердик коомунун Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмүнө ылайык конфискацияланган акцияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- мүлктү оперативдүү башкарууга кабыл алгандан кийин бир айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фондго ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин андан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды киргизсин;
Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттын жанындагы жер участокту Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк региондук борбору менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин бөлүшүү же биргелешип пайдалануу маселесин комиссиялык тартипте чечсин;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерине мамлекеттик менчик укугун каттоо маселесин чечүү үчүн эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин, зарыл болсо - башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн катыштыруу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн.
3. Бул буйрукту аткарууга байланыштуу чыгымдар конфискацияланган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алып жаткан мамлекеттик мекемелердин бюджеттеринде каралган каражаттардын чектеринде каржылансын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо төмөнкүлөргө тапшырылсын:
- 1-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө;
- 2-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 276-б
Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 4-0289/13 токтому, Сузак райондук сотунун 2013-жылдын 25-ноябрындагы № СУ-333/13-Д8 токтому менен конфискацияланган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- сот органдарынын жогоруда аталган чечимдерине ылайык конфискацияланган объекттерди мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу үчүнчү абзацы
Жалал-Абад шаары, Курулушчулар көчөсү, 27 дарегиндеги турак жай эмес имараттын - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк региондук борборуна;
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу бешинчи абзацы
- "Дустлик" ачык акционердик коомунун Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы № УД-280/12-Д8 өкүмүнө ылайык конфискацияланган акцияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругунуна редакциясына ылайык)
2. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 56-б буйругуна ылайык күчүн жоготуу
3. Бул буйрукту аткарууга байланыштуу чыгымдар конфискацияланган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алып жаткан мамлекеттик мекемелердин бюджеттеринде каралган каражаттардын чектеринде каржылансын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо төмөнкүлөргө тапшырылсын:
- 1-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө;
- 2-пункттун аткарылышы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө.
Премьер-министр |
|