Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-июлу № 284-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ортосундагы жетишилген келишимдердин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 1 дарегинде жайгашкан "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасына таандык имараттагы аянты 1382 кв.м болгон турак эмес жайды (имаратты), коммуналдык кызматтарга төлөө менен бекер колдонуу келишиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 36 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык имаратты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясын жайгаштыруу үчүн коммуналдык кызматтарга төлөө менен турак эмес жайды (имаратты) бекер колдонуу келишиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарына ылайык түзүлгөн турак эмес жайды (имаратты) бекер колдонуу келишимдери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тийиштүү өндүрүштүк жайларын куруу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин аракетте болоору белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өндүрүштүк жайларынын курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясын жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай берүү жөнүндө маселени алдын-ала чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-майындагы № 244-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |