Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 316
Рогун ГЭСинин долбооруна карата Дүйнөлүк банктын баалоочу изилдөөлөрүнүн маселелери боюнча Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 2014-жылдын 18-июлунда боло турган консультациялык жолугушуулардын жыйынтыктоочу сериясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2014-жылдын 17-18-июлунда Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 17-июлундагы № 316 буйругуна тиркеме |
Рогун ГЭСинин долбооруна карата Дүйнөлүк банктын баалоочу изилдөөлөрүнүн маселелери боюнча консультациялык жолугушуулардын жыйынтыктоочу сериясына катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Жусуматов Эсен Жусуматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары; |
Жумабеков Кеңешбек Кадыралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертизалар жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Анарбаев Анвар Арсланович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин талдоо, пландаштыруу жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин биринчи катчысы; |
Томпошев Бакыт Таштанбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |