Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

 

2012-жылдын 5-ноябры ПБ № 160

Эл аралык аба каттамдарын, аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу жана андан аркы багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун базасында региондук түйүндүү борборду түзүү максатында:

1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Ахметова Н.М. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Черный И.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Шаимбетов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн

эксперти;

Токобаев Д.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институтунун директорунун биринчи орун басары;

Бектурганов Ж.Т. - "Кыргызстан" Авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Исаев Т.К. - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Бусурманкулов А.Б. - "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Каляга Л.В. - "Кыргызстан" Авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Бабак Е.А. - "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун региондук өнүктүрүү боюнча директору (макулдашуу боюнча);

Жолдошев Н.Б. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Карымбаев Э.Т. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Мамыров Н.У. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Акматов Э.Б. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

2. Жумушчу топ 2012-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө эл аралык аба каттамдарын, аэропорттордун инфраструктураларын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун базасында региондук түйүндүү борборду түзүү концепциясынын жана багыттарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.

3. Жумушчу топко өз ишине мамлекеттик органдардын, "Манас" Эл аралык аэропорту", "Кыргызстан" Авиакомпаниясы" ачык акционердик коомдорунун, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

 

А.Атамбаев