Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу ПБ № 105
"Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Уставына ылайык:
1. Төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Илмиянов Икрамжан Саттарович;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу Азыранкулов Айбек Джаныбекович.
2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 133 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-февралындагы № 46 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-мартындагы № 52 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы № 78 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |