Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу ПБ № 103
2012-жылы 5-6-июлда Казакстан Республикасына иш сапарга катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Атамбаев Алмазбек Шаршенович* | - Кыргыз Республикасынын Президенти, |
Исаков Сапар Жумакадырович* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, |
Токтогулов Кадыр Мирбекович* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы, |
Марипов Улукбек Асамидинович* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, |
Топоев Мар Бекович*,** | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бүлүмүнүн протокол секторунун башчысы, |
Сабаев Замир Шекенович* | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-Башкы башкармасынын зардалы, |
Досалиев Султан Ташболотович* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, |
Сатиев Уланбек Алимбаевич* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, |
Зарипов Долонбек Эркинович* | - Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке врачы, |
Мусакеев Дамир Садамбекович* | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-Башкы башкармасынын кызматкери, |
Шайбеков Алмаз Бактыбекович*,** | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-Башкы башкармасынын кызматкери. |
2. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемге ылайык иш сапарга жиберген уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Иш акыга чыгымдар иш жүзүндө жүргүзүлгөн сарптоолор ал чыгымдарды тийиштүү документтер менен ырастоо боюнча жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
*- Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунун эсебинен иш сапарга жиберилет;
**- 2012-жылдын 1-июлунан баштап алдыңкы топтун курамында иш сапарга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |