Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 274
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 8-пунктун аткаруу үчүн, өзгөртүп кайра түзүлгөн органдардын активдерин жана пассивдерин кабыл алуу-өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Насирдинов Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу; |
Эшназаров Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Мамыров Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Асылбеков Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары; |
Жоха В.С. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Эстебесов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментинин башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Аширбаев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын начальниги; |
Жакыпова А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси; |
Сарсенбаева Ш.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин бухгалтердик эсеп секторунун башчысы; |
Жеенчороев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн кен пайдалануу секторунун башчысы; |
Амерканов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана маалыматтык технологияларды киргизүү секторунун эксперти. |
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өткөрүп берилүүчү активдердин жана пассивдердин тизмесин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин менчигинде калган активдердин жана пассивдердин тизмесин аныктасын.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу укугу берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |