Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-майы ПБ № 87
"Билимге жеткиликтүүлүк (Жеткинчек)" программасынын алкагында жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого байланыштуу:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын жатак-мектептер, Бишкек шаарынын № 26 мектепке чейинки билим берүү уюму, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмү үчүн мектеп жана мектепке чейинки инвентарды, атайын окутуу аппаратураны жана окуу-дидактикалык адабиятты сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына билим берүү Фондунан 4 066 870 (төрт миллион алтымыш алты миң сегиз жүз жетимиш) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, бир булактан сатып алуу ыкмасы менен жүргүзсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Тиркеме
№ | Аталышы | Мекеме - алуучу |
1. | "Унитон" үн күчөткүч аппаратура (1 класс-комплект) | Начар уккандар жана кийин укпай калган балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү атайын № 21 жатак-мектеп |
2. | "Унитон" үн күчөткүч аппаратура (1 класс-комплект) | Керең балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
3. | Аудиометр (1 даана) | Начар уккандар жана кийин укпай калган балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү атайын № 21 жатак-мектеп |
4. | Санарип угуу аппараттары (40 даана) | Керең балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
5. | Тамак ичүүчү столдордун жана отургучтардын 18 комплекта | Үч-Коргон акыл-эси начар балдар үчүн көмөкчү жатак-мектеп |
6. | Кулакчыны жана флешкасы бар аудиоплеер (110 даана) | Сокур жана көрүүсү начар балдар үчүн Ош шаардык атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
7. | 5-,6-,7-,8-класстар үчүн Брайл системасы боюнча математика окуу китептери (40 комплект) | Сокур жана көрүүсү начар балдар үчүн Ош шаардык атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
8. | Кулакчыны жана флешкасы бар аудиоплеер (200 даана) | Сокур жана керүүсү начар балдар үчүн Бишкек шаардык атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
9. | Ирилетилген тегиз шрифт боюнча 3 аталыштагы окуу китептери (30 комплект) | Сокур жана көрүүсү начар балдар үчүн Бишкек шаардык атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеп |
10. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Кыйналып сүйлөгөн балдар үчүн Сокулук атайын жатак-мектеби |
11. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Петровка акыл-эси начар балдардын көмөкчү жатак-мектеби |
12. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Орто-Суу көмөкчү жатак-мектеби |
13. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн Нижний-Чуй баштапкы атайын жатак-мектеп |
14. | Окуу парталарынын класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Дмитриев көмөкчү жатак-мектеби |
15. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска ценен | Сүлүктү акыл-эси начар балдардын көмөкчү жатак-мектеби |
16. | Окуу парталарынын 2 класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин столу, отургучу жана доска менен | Ноокен акыл-эси начар балдардын Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак-мектеби |
17. | Окуу парталарынын класс-комплекти 2 китеп шкафтары, мугалимдин сголу, отургучу жана доска менен | Талас көмөкчү жатак-мектеби |
18. | Окутуучу интерактивдүү приставка (1 даана) | Краснореченск акыл-эси начар жетим балдардын атайын жатак-мектеби |
19. | Атлас, географиялык карталар, мектеп предметтери боюнча көргөзмө куралдардын комплекта (40 комплект) | 15 атайын жатак-мектептер үчүн дидактикалык материалдар жана көргөзмө окуу куралдары |
20. | Стол 4 отургучу менен (20 комплект) | Бишкек шаарынын № 26 мектепке чейинки билим берүү уюму |
21. | Оюнчуктар | Бишкек шаарынын № 26 мектепке чейинки билим берүү уюму |
22. | Суюк кристалл телевизору (2 даана) | Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмү |
23. | DVD плеер (2 даана) | Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмү. |