Редакцияот 31.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 31-июлу № 296-б

Ак ниет эмгеги үчүн, Кыргыз темир жолунун негизделген күнүнүн 90 жылдыгына жана кесиптик майрамы - Темир жолчулар күнүнө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын төмөнкү кызматкерлери сыйлансын:

Асылбеков Саирбек

-

электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын техникалык документтер боюнча начальниги;

Бектемиров Улан Санжарович

-

локомотив чарбасы боюнча филиалынын тепловоз машинисти;

Горсткина Ольга Васильевна

-

вагон чарбасы боюнча филиалынын "Бишкек-1" бекетинин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн оператору;

Исмаилов Ширван Ханалиевич

-

темир жол обьекттерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыздоо боюнча филиалынын бөлүм начальниги;

Кравцова Лариса Федоровна

-

көпүрө куруучу отряддын башкы бухгалтери;

Нуянзина Людмила Степановна

-

маалыматтык-эсептөөнү камсыздоо боюнча филиалынын экинчи категориядагы бухгалтери;

Сенкулова Бегаим Артельбаевна

-

жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын поезддик бригадаларынын нарядчиги;

Солпуев Жетимиш

-

жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын шаарга жакын жана жергиликтүү каттамынын вагондорунун узатуучусу;

Шаиев Абдулажан Мамасалиевич

-

Түштүк бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Шамырканов Каныбек Осмонович

-

жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоочу филиалынын "Аламүдүн" өндүрүштүк участкасынын штабель төшөөчүсүнүн машинисти.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын даярдоого кеткен чыгымды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын каражатынын эсебинен ишке ашырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев