Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-августу № 298-б
Республиканын керектөөчүлөрүн жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун төмөнкү Карыз милдеттенмелери менен берилген бюджеттик ссудалар боюнча береселерин кайра түзүмдөштүрсүн:
2013-жылдын 13-сентябрындагы № 19-05/29 - 100,0 млн. сом суммасында;
2013-жылдын 30-октябрындагы № 19-05/33 - 100,0 млн. сом суммасында;
2013-жылдын 26-декабрындагы № 19-05/53 - 100,0 млн. сом суммасында.
2016-жылдын 1-октябрынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин береселерди төлөө мөөнөттөрү менен кошумча макулдашууларды тариздесин;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 23-январындагы № 8-000/11 Карыз милдеттенмеси боюнча 50,0 млн. сом суммасындагы бересесин кайра түзүмдөштүрсүн.
2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин кайра түзүмдөштүрүлгөн береселерди төлөө мөөнөттөрү менен кошумча макулдашууну тариздесин;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссудаларды кошумча макулдашууларга ылайык кайтарып берүүнү камсыздоо сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |