Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-августу № 299-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы №405-б буйруктун редакциясына ылайык)
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-АSIЕ/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тиркелген кепилдик катка жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушун Европа Коомчулугунун Комиссиясынын жактыруусунун зарылдыгын эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Ош - Баткен - Исфана автожолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоору боюнча калган иштерди бир булактан сатып алууга жана China Road and Bridge Corporation корпорациясы менен жарандык иштерге контракт түзүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоору боюнча калган иштерди каржылоого Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин чегинде 3 668 050, 0 (үч миллион алты жүз алтымыш сегиз миң элүү) АКШ долларын (салыктарды эсепке алуу менен) бөлсүн, анын ичинде;
2015-жылга - 794 103, 0 (жети жүз токсон төрт миң бир жүз үч) АКШ долларын;
2016-жылга - 2 873 947, 0 (эки миллион сегиз жүз жетимиш үч миң тогуз жүз кырк жети) АКШ долларын.";
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы №405-б буйруктун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- автожолдорду жана жол курулмаларын ремонттоонун 2015-жылга титулдук тизмесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана аны кайра бекитүүнү;
- Ош - Баткен - Исфана автожолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоору боюнча калган иштерди каржылоого бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну;
- Ош - Баткен - Исфана автожолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоорун 2015-жылдын куруу сезонунда аяктоону.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы №405-б буйруктун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Европа союзуна даректелген расмий тилдеги кепилдик катынын тиркелген долбоору жактырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |