КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 6-августу № 316-б
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын каттоонун негизинде жарандарды эсепке алуу тутумун түзүү менен байланышкан жумуштарды өз убагында өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 2014-жылга 260 (эки жүз алтымыш) млн сом суммасындагы финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн программалык камсыздоону жабдуулары менен кошо сатып алууга алдын ала төлөмдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн суммадан 30 пайыз өлчөмдөгү финансылык каражаттарды ыкчам тартипте бөлүп берсин;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
- 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 2014-жылы бөлүнгөн 260 (эки жүз алтымыш) млн сомдун колдонулушу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |