Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014 жылдын 4-августу № 310-б
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын тургундарын Жүдөмүш суусунун ташкынынан коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын тургундарын Жүдөмүш суусунун ташкынынан коргоо үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 7,0 млн (жети миллион) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1988-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонууга, мамлекеттик сырды сактоо жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуу иретин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттын максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |