КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12 августу №325-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын административтик имаратынын курулуш аяктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча чыгымдардын сметасын көбөйтүү менен республикалык бюджеттен 130,0 (бир жүз отуз) млн сом суммасында кошумча каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын экинчи административтик имратынын курулушун 2014 жылга мамлекеттик керектөөлөр үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмегине белгиленген тартипте киргизсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |