Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-августу № 326-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Өзгөчө статуска ээ болгон, Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Баткен облусунун Баткен районундагы мурда токтоп калган, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мамлекеттик капиталдык салымдар каражатынын эсебинен каржылануучу Көк-Таш -Ак-Сай - Тамдык автожолун, Баткен облусунун Лейлек районундагы эки көпүрөнү жана аларга жанаша жайгашкан Кулунду-Максат автожолунун участокторун курууну кайрадан баштасын;
- курулуш бүткөнден кийин аталган автомобиль жолдорду оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана андан ары пайдаланууну камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автожолдордун жана эки көпүренүн курулушун артыкчылыктуу тартипте каржыласын;
Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында мамлекеттик бюджетте каралган 100 млн (жүз миллион) сомдун ичинен 50 млн (элүү миллион) сом өлчөмүндөгү каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай - Рават автожолуна гравий төшөп бүткөрүүгө бөлүп берсин;
- Ак-Сай - Рават объекти боюнча каржылоо 50 млн (элүү миллион) сомго көбөйтүлгөнүнө байланышгуу 2014-жылы республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылоого сунушталган объекттердин тизмесине езгөртүү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу менен) көрсөтүлгөн автожолдордо иштеген жумушчулардын коопсуздугун камсыздашсын.
- Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |