Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-августу № 335-б
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, аштык буудайдын данынын запасын түзүү, сактоо жана камсыздоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аштык буудай данын сатып алуу үчүн облустар жана райондор боюнча квотаны иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- депозиттик каражаттын эсебинен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн 2014-жылдын түшүмүнөн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги облустар жана райондор үчүн бекиткен квота боюнча 20,0 (жыйырма) миң тонна аштык буудайдын данын сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен бирдикте аштык буудайдын данын камдоо жана кийин жооптуу сактоочу ишканалардын ташышы үчүн убактылуу пункттарды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бир жумалык мөөнөттө 3-класстан төмөн эмес, илешкектиги 23 пайыздан кем эмес аштык буудай данына сатык бааларды белгилесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнор жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |