Редакцияот 12.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-июну № 497

Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрлык өзгөртүүлөргө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:

1. Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Байкоо кеңешинин курамына киргизилсин.

2. Бербаев Ө.Т. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Байкоо кеңешинин курамынан чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 28-августундагы № 57 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов