Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-сентябры № 381-б
2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинен талаптагыдай чыгуу, республиканын Нарын, Чуй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын керектөөчүлөрүн зарыл болгон көлөмдөрдө жергиликтүү көмүр менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2015-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде:
- Кабак күрөң көмүр бассейнинен Балыкчы шаарына чейин көмүр ташыган транспорт каражаттарынын салмак габариттик контролдоо пункттары аркылуу өтүүсүнө алдыңкы октун максималдуу жүгүнө карата 1,9 жана кийинки окторунун максималдуу жүгүнө 2,2 өлчөмүндөгү түзөтүү коэффициентин колдонуу менен уруксат берсин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Кабак күрөң көмүр бассейнинен Балыкчы шаарына чейин жогоруда аталган көмүр ташыган транспорт каражаттарынын автомобилдик жолдор боюнча өтүү графигин бекитсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |