Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-декабры № 911
Б.А.Асанов жөнүндө
1. Асанов Бакытбек Абдуллаевич келишим шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду эки жуманын ичинде "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын директору менен эмгек келишимин түзсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |