Редакцияот 27.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 27-декабры № 921

Н.Т.Тотонов жөнүндө

1. Тотонов Нурбек Темирбекович келишим шарттарында "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эки жуманын ичинде "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын директору менен эмгек келишимин түзсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев