Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 18-апрели ПУ N 127 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ «Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 28-майындагы Указына толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын КМШнын чектеш мамлекеттери менен азыркы чекарасында талаптагыдай чек ара контролун камсыз кылуу, ошондой элекуралдардын, бањги заттардын контрабандасын табуу жана республиканынаймагына мыйзамсыз өтүп кетишине жол бербөө максатында токтом кылам: 1. «Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Президентинин 1999-жылдын 28-майындагы № 131 Указынатөмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган Указдын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын чек ара линиялары нормативдик-укуктукжактан бекемделгенге чейин Кыргыз Республикасынын КМШнын чектешмамлекеттери менен азыркы чек арасында чек арага контролдук кылууКыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Чек араны кайтаруу башкыбашкармасына жүктөлсүн: – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Чек араны кайтаруубашкы башкармасы бул милдеттерди чек ара режимин жөнгө салган КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аткара тургандыгыбелгиленсин.» 2. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жанакоопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев