Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-сентябры № 394-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонд менен бирдикте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп беришсин:
- Чуй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнө «Ровер» маркасындагы 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 25K4FA010006579, кузовунун № LSJW16N357J016730 автомашинаны;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө «ГАЗ-3115» маркасындагы 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 43105199, кузовунун № 31105040025544 автомашинаны;
- Чуй облусунун Аламудун районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө «Мерседес-Бенц 300D» маркасындагы, 1994-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 606910120054946, кузовунун № WDB124311C09434 автомашинаны;
- Бишкек шаарынын мэриясына андан ары «Шаардык гинекологиялык оорукана» муниципалдык мекемесине өткөрүп берүү үчүн «ГАЗ-3110» маркасындагы 2002-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 40620D23091071, кузовунун № 31100020531921 автомашинаны; .
- Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө «Киа-Кредос» маркасындагы 1999-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 083119, кузовунун № KNHGC2212WA355019 автомашинаны.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу;
- автотранспорт каражаттарын бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде кармоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |