Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-сентябры № 401-б
Кыргыз Республикасынын жарандарынын рухий маданиятын жана диний таалим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентииин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Ыйман" рухий маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондуна Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56 дарегинде жайгашкан мамлекеттик административдик имараттын экинчи кабатындагы алар ээлеп турган № 9. жана № 11 кабинеттерди коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдалануучу сарптоолорду төлөө менен бекер колдонуу келишиминин шарттарында белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бул буйрук кол коюлган күнден баштап күчүнө кирет жана 2014-жылдын 9-апрелинен тартып колдонулат.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |