Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-сентябры № 307-б
Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өнүктүрүүго кошкон орчундуу салымы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык Тынчтыкты орнотуу Күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2014" биргелешкен машыгуусун пландоодо жана өткөрүүдө тапшырылган милдеттерди аткаруудагы аракеттери жана жоопкерчилиги учун, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Исакулов Дүйшөнбек Бапанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармасынын дене-бой даярдык жана спорт бөлүмүнүн начальниги; |
Аманов Өмурбек Миталипович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик автомобилдик инспекциясынын начальниги; |
Каракозуев Изатбек Мамбетжумаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдик башкармасынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |