Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-июнундагы № 299
1. Жарандардын кайрылууларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында кадрлар менен иштөө жагында баяндалган фактыларды изилдөө максатында төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат. жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Исаев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн кадрлар секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Исмаилов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; |
Сагынбаев Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-секретары (макулдашуу боюнча); |
Жунушалиев Т.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун губернаторунун биринчи орун басары; |
Эсеналиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салыктык жана бажылык саясат секторунун башчысы; |
УкаевК.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти; |
Ахметов У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Алимбаев Ж.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору; |
Ким Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук байкоо кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия жарандардын кайрылуусунда айтылган фактыларды эки апталык мөөнөттө кылдат талдап чыксын жана кырдаалды жайгаруу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |