КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-сентябры № 481
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык өзүмдүн кызматтык ыйгарым укуктарымды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотом.
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |