Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-январы № 5
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында, Баткен облусунун Баткен районундагы Чарбак калктуу конушунда 2013-жылдын 5-7-январында чыр-чатакка алып келген себептерди аныктоо максатында:
1. Төмөнкү курамда Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) түзүлсүн:
Чоткараев Дүйшөнбек Озонович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү:
Жунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Дүйшөмбиев Раимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин кол башчысынын орун басары; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Эратов Саиджан Саматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Калыков Сейтмурат Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында, Баткен облусунун Баткен районундагы Чарбак калктуу конушунда 2013-жылдын 5-7-январында чыр-чатакка алып келген жагдайларды изилдесин;
- чыр-чатактын натыйжасында калкка, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга келтирилген зыяндын масштабын аныктасын;
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жалпыланган жыйынтыгын ушундай окуяларды мындан ары болтурбоо боюнча, ошондой эле жаңжалдын келип чыгышына жол берген жетекчи кызматкерлердин ээлеген кызмат орундарына шайкеш келиши жөнүндө сунуштарды кошуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка уюмдардын (макулдашуу боюнча) эксперттерин жана башка кызматкерлерин ишке тартсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ведомстволор аралык комиссияга бардык суралган маалыматтарды беришсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |