Редакцияот 28.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 28-январы № 36

Ош шаарынын иштеп жаткан мэринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин көңүлгө алып:

1. 2013-жылдын 29-январынан тартып мэрди шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруу Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичке жүктөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына белгиленген тартипте Ош шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү сунушталсын.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев