КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-сентябры № 409-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун кароосуна "Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы" ачык акционердик коомун жоюу жана жоюу комиссиясын дайындоо жөнүндө маселени белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аипаратынын агроөнөржай комплекси жана экология белүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |