КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-июлу № 356
А. Акунов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын 1-беренесине ылайык:
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Акунов Аалыбек ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 12-июлундагы № 14-07/1079 сунушу.
Премьер-министр | А. Атамбаев |