Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-августу № 404
Аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча ишке татыктуу салым кошкондугу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин уюштурулгандыгынын 70 жылдыгынын урматына төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- Сагинов Эрнис Муратовичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачылыгынын кадрлар башкармалыгынын начальнигине;
- Абжапаров Дамир Ибраевичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн өздүк курамды каттоо жана кадрлар кызматынын начальнигине;
- Арапов Канимет Төрөбековичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын штабынын начальнигине-командирдин орун басарына;
- Темирзаков Уланбек Абдилатовичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн 4-өзүнчө батальонунун 1-ротасынын командирине;
- Токобаев Толкунбек Салижановичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 714-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын 4-тобунун командиринин орун басарына;
- Шерматов Халибек Султановичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 703-аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык камсыздоо взводунун электригине.
Премьер-министр | А. Атамбаев |