Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-сентябры № 405-б
"Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамын социалдык-маданий арналыштагы, саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин курууну аяктоо үчүн максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жарандык-турак-жай курулушу департаменти 10,0 (он) миллион АКШ доллары суммасындагы акча каражаттары боюнча кассалык чыгымдарды жүргүзүү боюнча аткаруучу-оператор (мындан ары - аткаруучу-оператор) болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Центерра Голд Инк" компаниясынан келип түшкөн демөөрчүлүк жардамдын каражаттарынан каржыланууга тийиш болгон объекттердин тизмесин (мындан ары - Тизме) түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Аткаруучу-оператор:
- "Центерра Голд Инк" компаниясына андан аркы чыгымдар жүргүзүлө турган "РСК Банк" ачык акционердик коомундагы эсептин реквизиттерин (эсептин № 1299001900068250) билдирсин;
- ушул буйруктун 2-пунктунда аталган Тизмеге ылайык объекттердин курулушун каржылоону өз убагында жүргүзсүн;
- курулушу аяктаган объекттерде "Бул объекттин курулушу "Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамы менен аяктады" деген жазуусу бар такталарды орнотууну камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттар демөөрчүлүк жардам болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 377-беренесинин 2-пунктуна ылайык атайын каражаттарга киргизилбейт.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө, ошондой эле транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |