Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 23-апрели ПУ N 130 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынынкарамагындагы өзгөчө корголуучу аймактардын жана токой-мергенчиликчарбаларынын иштерин өркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматорундарынын тизмесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкармасынын карамагындагы өзгөчө корголуучу аймактардын жана токой-мергенчилик чарбаларынын маселелери боюнча жооптуу болгон КыргызРеспубликасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басарынын кызматорду белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 20-мартындагы«Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндөгү» № 85Указы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкармасы жөнүндөгү» Жобонун 9-пунктунун экинчи бөлүгү төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын: «Иш башкаруучунун орун басарлары Иш башкаруучунун сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жанакызматтан бошотулат». 3. Кыргыз Республикасынын Президентиин 2000-жылдын 19-октябрындагы«Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын структурасыжана кызматкерлеринин саны жөнүндөгү» № 286 Указы менен бекитилген«Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын структурасынажана кызмат орундарынын санына» төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 1. Жетекчилик 3 Иш башкаруучу 1 Иш башкаруучунун орун басары 2 - «Бардыгы» жана «Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын бардык кызматкерлери» пунктундагы «279» саны «280»саны менен алмаштырылсын. 4. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев