Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-апрели № 181
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын жалпы улуттук майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Момуналиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Суранчиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Жакыпов Ж.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Эргешов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Жолдошева Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Токтогулова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Усубакунова А.И. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын беш күндүк мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |