Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 22-апрели № 181

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын жалпы улуттук майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн:

1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Сарпашев Т.Д.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Момуналиев Н.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Абдылдаев Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Лаврова О.В.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Өмүралиев Т.Б.

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Суранчиев А.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Садыков К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Жакыпов Ж.И.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Эргешов А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Муратов А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Жолдошева Н.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Токтогулова Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Куйкеев Э.А.

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Усубакунова А.И.

-

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын беш күндүк мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев